• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Мирзиёев токой өртүнүн кесепеттерин жоюу үчүн Казакстанга жардам сунуштады

7 Аяк оона 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-сентябрда Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефондо сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда Мирзиёев Костанай облусундагы токой өртүнө байланыштуу Казакстандын башчысына колдоо сөзүн айтып, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Эки өлкөнүн президенттери ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары бекемдөө, эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары боюнча өнөктөштүктү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өнөр жай, энергетика, транспорт, логистика, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүндү.

Мындан тышкары ушул айда Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин күн тартиби талкууланды.

Количество просмотров: 101