• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мирзиёев Өзбекстан газ экспортун токтотконун билдирди

23 Аяк оона 2022 15:34 Бишкек Govori.TV

22-сентябрда Ташкент облусунун тургундары менен жолуккан президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстан чет өлкөлөргө газ жана пахта экспортун токтотконун билдирди.

«Азыр биз газ да, пахта да экспорттогон жокпуз. Ал эмес газды чет өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Себеби биздин өндүрүш өнүгүп жатат. Бул эки негизги товар чет өлкөгө сатылбаган күндө да экспортубуздун көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 5-6 эсеге өстү», – деди президент.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин отчётунда 2022-жылдын алгачкы сегиз айында өлкө 645,9 миллион долларга газ саткан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60,9% көп. Ошол эле маалда газдын импорту 35,9% азайып, 76,2 миллион долларды түзгөн.

Буга чейин өзбек басылмалары Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын 20-июлда жарыяланган отчётуна таянып, Өзбекстан 2022-жылдын алты айында Кытайга 404 миллион долларга жаратылыш газын сатканын кабарлашкан. Кытай тараптын маалыматына караганда, бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,2 эсеге көп.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын отчётуна ылайык, Өзбекстан Кытайга эң көп газ саткан беш өлкөнүн катарына кирет. Биринчи орунда Кытайга алты айдын ичинде 4,5 миллиард долларга көгүлтүр отун саткан Түркмөнстан турса, андан кийин Орусия, Мьянма, Казакстан жана Өзбекстан жайгашкан.

Количество просмотров: 372