• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мирзиёевдин жол кырсыгына кабылган күйөө баласы чет өлкөдө дарыланууда

22 Бирдин айы 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

«Озодлик» радиосу өз булактарына таянуу менен президенттин коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары 36 жаштагы Отабек Умаров атайын медициналык учак менен чет өлкөдөгү клиникалардын бирине жеткирилгенин жазды.

Маалыматка караганда, 13-февралда аварияга кабылган Отабек Умаров 15-февралда атайын каттам менен алгач Москвага, андан соң Түштүк Кореяга жеткирилген.

Соцтармактарда президенттин кенже күйөө баласы Отабек Умаровдун бир миллиондон ашык катталуучусу бар. Алардын көбү бир жума аралыгында анын тезинен сакайып кетишин каалаган тилектерди жазышкан. Бирок Өзбекстандын расмий жана бейрасмий басылмалары Отабек Умаровдун аварияга кабылышы жөнүндө маалымат берише элек.

Буга чейин «Озодликтин» булактары жол кырсыгына кабылган Мириёевдин күйөө баласына Германиядан жеке учак келгенин кабарлашкан. Учак Москвага учкан.

Маалыматка караганда, Отабек Умаров Түштүк Кореяда дарыланууну каалаган. Ал 2012-2016-жылдары Сеулда иштеген, корей тилинде эркин сүйлөйт.

VIP бейтаптарга эскорт кызмат көрсөткөн компаниянын (Air Ambulance) билдиришинче, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Европага атайын учак менен оорулуу жөнөтүү 30 миңден 90 миң долларга чейин турат. Ушундай эле баа Өзбекстанга да тиешелүү.

13-февралда Ташкентте Отабек мотоцикл минип баратып, кырсыкка кабылганы тууралуу кабар тараган. Президенттин кичүү күйөө баласына шаардык ооруканада алты саат операция жасалганы айтылууда. Анын оң буту үч жеринен сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен.

Количество просмотров: 136