• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мишустин менен Марипов телефон аркылуу сүйлөштү

22 Аяк оона 20219:53 Бишкек Govori.TV

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчылары орус-кыргыз соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Өкмөттүк линия боюнча боло турган байланыштардын графиги жөнүндө да сөз болду.

Количество просмотров: 159