Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
Мени камабак түгүл куудак кылып бышырып жегиле. Мындай сөзүн Атамбаевдин активдүү колдоочулардын бири Мээрбек Мискенбаев митингден сүйлөп жатып билдирди.
Ал “Азыркы бийлик, мыйзамды иштеткенди эле эмес окуганды билбейт. Анан эмнени айтып жатабыз. Мен бир жыл мурда айттым эле. Уруматтуу Сооронбай Шарипович, иниңиз Асылбек Шарипович кетсин, үй-бүлөлүк болуп кетет дегем. Азыркы парламентти “Чимкирик” деп жатасыңар. Алар менен мен бир жыл иштегем. Мен билгем ошолордун чимкирик экенин. Ошон үчүн кеткем ошол жактан. Кеп чимкирикте эмес, кеп түкүрүк өкмөттө эмес. Кептин башы Сооронбай Жээнбековдо. Ток этээр жерин айлантпай айтайын Сооронбай Жээнбеков кетмейин Кыргызстан оңолбойт”,-деп билдирди. Ошондой эле Мискембаев мурдагы жана азыркы президент дос болуп жүргөндө мен 10 жаштагы бала болчумун дейт.