• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Митинг өткөрүүгө салынган чектөө 31-декабрга чейин узартылды

12 Тогуздун айы 2023 10:03 Бишкек Govori.TV

Бишкекте митинг өткөрүү жерлерине чектөө узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда. Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.

«Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды. Бул чектөөлөр 2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин күчүнө кирди жана күчүндө болот»,-деп айтылат маалыматта.

Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.

Количество просмотров: 55