Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы тынчтык акциясы өтүп жатат. Ага уюштуруучулардын айтымында 500гө жакын адам келип катышууда.
Учурда чогулган элдин жанына тартип сакчылары келип, акция мыйзамсыз өтүп жатканын айтышты. Себеби, казак президенти Касым-Жоомарт Токаевдин визитине байланыштуу өлкөдө митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганын айтышты.
Андан соң милиция кызматкерлери митингге чогулгандарга мыйзам бузуулар болбосо катуу чара көрүлбөөсүн айтып кетишти.