Ички иштер министрлигинин алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынч митинг өтүп жаткан жерге белгисиз жаран келип провокация кылуу аракетин кылып жатканын мигингдин катышуучулары билдирүүдө.
Алардын айтымында ал адам келип, ИИМдин имаратынын тосмосуна чыгуу аракетин да кылган.
Катышуучулар ал адам атайылап жиберилген чагымчыл экенин айтып, жеринде жүргөн милиция кызматкерлерине кайрылышкан, бирок майнап чыккан жок.
Журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер демилгелеген митингге ондогон адам катышууда.
Соңку жарыяланган иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган «Temirov Live» YouTube каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров 23-январга караган түнү кармалган.
Күч органдары аны жана төкмө акын Болот Назаровду маңзатка байланыштуу түшкөн арыздын негизинде кармашканын, ал эми кармалгандардын тарапкерлери аларга маңзатты тинтүү учурунда атайылап салып коюшканын айтып жатышат.