5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингде жаракат алып, оң колунан ажыраган Ырыскелди Табышбек уулу үйлөндү. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жазды.
Маалыматка караганда, 19 жаштагы жигит мындан бир нече күн мурда үйлөнгөн.
«Үйлөнгөнүмө эки күн болду. Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. Көптөгөн адамдар жакшы каалоо-тилектерин айтып жатышат. Бардыгына ыраазычылык билдирем», — деп билдирген ал.