• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Митингде каза болгон бала бир үйдүн жалгыз уулу болгон

7 Тогуздун айы 2020 15:33 Бишкек Govori.TV

5-октябрь күнү митингде жардыруучу заттан денесинен жаракат алып, каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Бул тууралуу интернет колдонуучу Инаят Ниматова жазды.

Анда каза болгон бала Лейлек районунун Кара-Булак айылынан экени маалымдалат.

«Алтынбек уулу Үмүтбек бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу. Силердин бүгүнкү күнүңөр үчүн өмүрүн, жанын берген жапжаш баланын сөөгүн туугандары бүгүн араң өлүкканадан чыгарып, туулган жери 1 миң 100 чакырым алыс болгон Лейлек жергесине алып кетишти. Эл башчылары, жаназасына кимиңер барасыңар? Акыркы сапарга баатырларча узатып койгонго убактыңар барбы?» — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митингчилер менен милициянын кагылышуусу болгон. Анда медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын саны 590 болду. Анын 439уна биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 150 бейтап ооруканаларга жаткырылса, анын ичинен 13ү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, 1 бейтап каза болду.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1230528624006870&id=100011492329195
Количество просмотров: 6200