Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жаткан учурда кичинекей бөбөктүн ыр окуп жаткан видеосу көпчүлүктүн алкоосуна арзыды.
Видеодо кичинекей бала маркум акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ырларын окуп жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 8 жаштагы Саян Айтикеев акындардын ырын жаттап, окуп, Интернетке жүктөп келет. Ал маркум акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ырларын абдан жакшы көрөт.