• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Митингдеги кагылышууда канча киши жаракат алганы айтылды

9 Тогуздун айы 202023:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында болгон митингде беш киши жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандар Улуттук госпиталга жеткирилди.

«Үчөө ооруканага жатты, абалдары орточо оор. Ал эми эки киши амбулатордук түрдө дарыланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы президент Атамбаев менен «Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары «Ала-Тоо» аянтына нааразычылык ациясына чыгышкан. Ага Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, түшүнбөстүктөрдөн улам таш ыргытылган.

Теги:
Количество просмотров: 185