Бүгүн Профсоюзчулар кайрадан Жогорку Кеңештин имаратынын алдына тынчтык митингине чыгышкан. Чогулгандар Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматынан кетишин талап кылышууда.
Нааразы тараптын акциясы Профсоюзчулардын имаратында уланып, Асанакуновдун иш бөлмөсүнө кирүү аракети болду. Атайы чакыртылган милиция кызматкерлери тартип сактоого аракет жасашып, бирок чогулган тараптын айрым мүчөлөрү жана айрым журналисттер төраганын кеңсесине кирип кетишти.
Мирбек Асанакуновдун айтымында анын кылып жаткан ишин, тагыраагы реформаны каалабагандар бул кадамга барып, анын иштен кетүүсүн талап кылышууда.
Ал эми нааразы тарап, 2017-жылы Профсоюздар федерациясынын төрагасы болуп шайлангандан бери Мирбек Асанакунов азыркы учурга чейин өз ишин билбей турганын айтышып, кызматтан кетишин талап кылышууда.
Учурда нааразычылыгын билдирип жаткандардын төртөө ачарчылык жарыялаганын да билдиришти.
Эске салсак, Профсоюздар федерациясынын айланасындагы маселе 3 жылдан бери токтобой келет.