Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарындагы «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына нааразычылык ациясына чыккандар тарай элек.
Алар президент отсавкага кеткенин жарыялагандан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин кетишин талап кылышууда. Ошол эле учурда айрымдары «парламент таркасын» деп кыйкырып жатышат.
Белгилей кетсек, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулгандар буга чейин Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышкан. Бир аз убакыт мурун президент отставкага кете турганын жарыялады.