• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев Канатбек Исаевдин уулу коопсуздук системасынан бошотулганын айтты

30 Кулжа 202512:34 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Канатбек Исаевдин кылмышка шек саналганы үчүн уулу коопсуздук системасынын катарынын бошотулганын билдирди. Ал ар бир жаран кылган кылмышы үчүн мыйзам алында жооп бериши керектигин белгилеп, буга мисал катары Исаевдин ишин келтирген.

“Канат Исаев деген мурдагы депутат жигитти билесиңер. Ал кылмыш кылып, учурда качып жүрөт. Сотко келе албай качып жүрөт, ага издөө жарыяланды. Биз эмне кылдык? Анын ФСБнын академиясын бүтүп жаткан баласы диплом алыш керек эле. Жакында бүтүрүүчүлөргө алгачкы аскердик чиндерди беребиз. Исаевдин баласын жумуштан бошоттук. Ал (Исаев-ред) баласынын келечегине балта чапты. Мына ушундай нерселер болбош керек. Мындай болбош үчүн ар бирибиз мыйзам алдында жооп беришибиз керек», — деди УКМК төрагасы.

Өткөн айдын аягында жергиликтүү айрым малымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарга таянып, Канатбек Исаевге издөө жарыяланганын маалымдашкан. А

Количество просмотров: 412