Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.
17-июнь күнү, Профсоюз федерациясынын мүчөлөрү менен кызматкерлери жогорку соттун жана Бишкек шаарындагы профсоюздун алдына 200гө чукул адам атайы нааразычылык акциясына чыгышты.
Акцияга чыккандар Кыргызстан профсоюздар федерациясында жазылган мыйзамга жаңы өзгөртүү киргизүүгө толук каршы экендигин билдиришти. Андан тышкары, профсоюздун төрагасы Мирбек Асанакуновго карата чыккан соттордун буга чейинки чечимине ылайык, жогорку соттон дагы кызмат ордунан четтетүүнү талап кылышты.
Ал эми профсоюзчулардын мүчөлөрүнүн ичинен Горкий паркына боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз деген 2 адамды укук коргоо органдары Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кармап кетти.
Эскерте кетсек, профсоюз федерациясынын мүчөлөрү жана кызматкерлери буга чейин 22-май күнү, жогорку соттун алдына нөшөрлөгөн жамгырга карабай, бүгүнкү айткан нааразычылыктарын билдирип чыгышкан.