Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Мурдагы чектөө 1-апрелге чейин киргизилген, анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынган. Акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
«Ала-Тоо» аянты;
Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында;
Панфилов паркында;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку Соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
УКМК имаратынын жанында.