• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

МК журналисти Алишер Усмоновду опузалоо иши боюнча сурак берди

17 Баш оона 2022 16:09 Бишкек Govori.TV

«Московский комсомолец»  басылмасынын журналисти Лев Сперанскийдин батиринде тинтүү жүргөндөн кийин ал 16-августта сурак үчүн Тергөө комитетине жеткирилген. Журналисттин адвокаты ага карата жалган жалаа жабуу жана опузалоо беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Сперанскийдин өзүнүн айтымында, кеп орусиялык олигарх Алишер Усманов менен казакстандык эң бай бизнесмендердин бири Кенес Ракишовдон акча опузалоо иши жөнүндө болуп жатат.

Сурак учурунда журналисттин телефонун, флешкасын жана компьютерин алып коюшкан. Полициячылар анын кош бойлуу аялына тез жардам чакыруудан баш тартышкан жана «Московский комсомолец» басылмасынын редакциясы же адвокаты менен баланышууга уруксат беришкен эмес.

Кийинчерээк «ОВД-Инфо» Сперанский бошотулганын кабарлады. Ага эч кандай чектөө коюлган эмес, азыр ал күбө макамында.

Baza Телеграм-каналы менен байланышкан журналист тергөөчүлөр анын ВЧК-ОГПУ» анонимдүү Телеграм-каналы менен ыктымал байланышы жөнүндө сурашкан. Каналдын 400 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал жерде көбүнчө орусиялык атайын кызматтардын иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар жарыяланып турат. Сперанский криминалдык жана укуктук темаларда, анын ичинде атайын кызмат жөнүндө жазат.

Өткөн аптада Москвада алты ири Телеграм-каналдын администраторлору эки айга камалды: үчөө мамлекеттик Промсвязьбанкты опузалоого жана үчөө алдамчылыкка айыпталууда.

Количество просмотров: 654