• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

«Мода көргөзмөсү эмес». Бекешев Ак үйдүн күзөтчүлөрү келген адамдардын кийимине асылганы туура эмес дейт

21 Чын куран 202211:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев Ак үйдүн күзөтчүлөрүн келген кеткендердин кийими менен эмес, коопсуздук менен алектенсе жакшы болмок деген пикирин айтты.

“Күзөтчүлөр Ак Үйгө келгендерди туура эмес кийинип келдиң деп дайым айтышат. Ушуну токтотсок, алар мода көргөзмөсүндө иштешпейт да, андан көрө коопсуздук менен алектенишсе”, — деди Бекешев.

Ал эми төрага мамлекеттик кызматкерлерге гана чектөө бардыгын, ал эми башка адамдарга дресс-код абзел эместигин белгиледи.

Количество просмотров: 238