• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Молдобаева: Элетте таза суу маселеси чечиле элек

5 Аяк оона 202212:03 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.

Алардын бири Бегимжан Молдобаева Нарын облусунан катышты.

«Кара-Коюн айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутатымын. Ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенем. Бүгүнкү күндө инвестиция тартуунун үстүндө иштеп жатам. Биздин айылда таза суу маселеси чечиле элек, 35 млн сом каражат бөлүнгөн. Деген менен ишке аша элек»,-дейт Молдобаева.

Молдобаева айымдарга арналган окутуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Количество просмотров: 274