Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.
Тарых илимдеринин кандидаты, публицист жана журналист катары дагы кеңири таанымал Кыяс Молдокасымов Кыргызстанда президенттин сүрөтү иш бөлмөлөрдө илинип туруусуна каршы экенин айтты.
“Мен буга чейин деле мурдагы өлкө башчыларына өз портреттерин илгизбөө сунушун киргизгем. Бирок, эч кандай колдоо тапкан эмес. Президенттин сүрөтүн илбеш керек, илгенден кийин сый-урмат менен мамиле кылуу керек”,-деди тарыхчы К.Молдокасымов.