• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Молдомуса Конгантиев каза болду

12 Бирдин айы 202220:56 Бишкек Govori.TV

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ал Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдарда жетектеген.

2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кеткен. Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын Апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши ачылган. Кийин 2019-жылы сот аны актаганы белгилүү болгон. Жогорку сот 2020-жылы толук актаган.

Количество просмотров: 4474