• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Молдовада Майя Санду кайрадан президент болуп шайланды

4 Жетинин айы 202411:28 Бишкек Govori.TV

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы чыкканын билдирди. Азыркы президент Майя Санду 55%, атаандашы Александр Стояногло 45% добушка ээ болгон. Ушул убакка чейин жалпы добуштардын 98,9% саналган.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасына батышчыл көз караштагы Майя Санду жана мурдагы башкы прокурор, орусиячыл көз караштагы Александр Стояногло катышты. Жеңишке жеткен талапкер төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат.

Майя Санду АКШдагы Гарвард университетинде билим алган, Молдованын биринчи аял президенти. Ал 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Евробиримдикти жактаган билдирүүлөрү менен жеңишке жеткен.

Ал эми анын атаандашы Александр Стояногло 2019-2021-жылдарда Молдованын Башкы прокурору болгон.

Количество просмотров: 104