Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп баалоо сунушун келдирди. Бул тууралуу ал комитет жыйынында айтты.
«Эч нерсе кылбасаңар кантип биз силердин отчетуңарды кабыл алып беребиз. Контрабанданы токтото албасаңар, эки метр чек араны чече албадыңар. Салык, бажы чогултулган жок. Эки жылдагы эл үчүн деп арнаган эмгегиңерге эки деген баа бериш керек. Биз депутаттар өкмөттү ишеним көрсөтпөй отставкага кетире албайт экенибиз, мөөнөтү өтүп кетиптир, андыктан өзүңөр сурангыла», — деди депутат.