Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды.
“Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Усенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле”,- деди Садыр Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда бошотулган.