• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Момбеков үй камагына чыкты

4 Бирдин айы 202014:33 Бишкек Govori.TV

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын директору Болот Момбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Момбеков сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында 31-мартка чейин үй камагында болот.

Эске салсак, Момбеков 29-январда шаардагы соода түйүндөрүнүн биринде пара алып жаткан жеринен кармалган. Жетекчи чет өлкөгө жумушка бараткан адамга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап берүү үчүн андан акча талап кылган. 

Количество просмотров: 337