• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Каракол шаарынын тургундары жаңы жетекчиге нааразы

8 Үчтүн айы 2020 20:02 Бишкек Govori.TV

КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын директорунун алмашуусуна жергиликтүү тургундар жана медицина кызматкерлери каршы. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Айтбаев фейсбук баракчасына жазды.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 8-январда Ысык-Көл облусттук Саламаттыкты сактоо мекемелеринин баардык жетекчилери, Каракол шаардык аксакалдар кеңешинин төрагалары, медицина кызматкерлери жана жаштардын катышуусунда  жыйын өткөн. Анда КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын директору алмаша турганы белгилүү болгон. Бирок жыйында отурган жаштар, медицина кызматкерлери баардыгы каршы болгон.

“Азыркы учурда шаардын баардык аксакалдары, активистер, спортучулар, жетекчилер, медицина ардагерлери жаңы жетекчиге жана буйрукка каршы. Себеби Ысык-Көлгө жаңы жетекчи болот делген Курманбек Камчы уулу буга чейин Баткен облусундагы жетекчилик кызматтан ызы-чуу менен арызын жазып кеткен. Бирок ага карабай, КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун республика боюнча төрайымы Эльнура Боронбаева майрам күндөрдөгү эс алууну эске албай, 2020-жылдын 1-январында Курманбек Камчы уулун КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын директору кылып дайындап отурат”,-деп жазган Айтбаев.

Мындан сырткары,  Айтбаев өз билдирүүсүндө бийлик төбөлдөрүнөн өз ишин билген адамды кызматка коюп берүүнү суранган.

Количество просмотров: 354