• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Болот Момбековдун кармалып жаткандагы видеосу жарыяланды

31 Үчтүн айы 2020 15:42 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын директору Болот

Момбеков 29-январда шаардагы соода түйүндөрүнүн биринде пара алып жаткан жеринен кармалган. Жетекчи чет өлкөгө жумушка бараткан адамга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап берүү үчүн андан акча талап кылган. 

Бүгүн, 31-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Момбековдун баш коргоо чарасын карамак.

Количество просмотров: 15574