• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкери пара алып жатканда кармалды

30 Үчтүн айы 2020 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун борбордогу аймактык башкармалыгынын директору Болот Момбеков кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, ал кыргызстандык жарандан 143 миң сом пара талап кылган. Кечээ ал акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда Болот Момбеков ооруканада кайтаруу алдында жатат.

Кармоо иш-чарасын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы жүргүзгөн.

Количество просмотров: 194