Момбеков, өкмөттүн энергетика боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерди телевизор уурдагансызбы деп уяткарды
Момбеков, өкмөттүн энергетика боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерди телевизор уурдагансызбы деп уяткарды
19 Аяк оона 201812:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Депутат Рыскелди Момбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына талапкер Эмил Осмонбетовго сизге көптөгөн коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айтылып жүрөт деп суроо узатты.
«Сизди көптөгөн коррупциялык схемаларга тиешеси бар экени айтылат. Мына менде маалыматтар турат. Сизди кызматынан кетип баратып кабинетиндеги телевизорун уурдап кетип жатып кармалган дешет. Ушул нерселерге жооп берип койсоңуз, бул иштериңиз далилденсе кызматтан кетүүгө даярсызбы», — деди Момбеков.
Ал эми Эмил Осмонбетов айтылган ал нерселер кара пиар экендигин жана кызматтан кеткенде баарын тизме менен өткөрүп бергендигин айтты.
Ошондой эле кылмыш иши боюнча менин күнөөсуз экеним аныкталган.айтылган нерселерге тиешем бар экендиги аныкталган болсо,кызматтан кетүүгө даяр экендигин кошумчалады.