• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Монголиянын президенти парламент тарабаса ачкачылык жарыялайт

31 Тогуздун айы 2018 9:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.31.10.2018.Govori.TV.
Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга парламент өзүн-өзү таратпаса, ачкачылык жарыялап же иш таштай турганын билдирди.
Бул тууралуу монголиялык телеканалдарга таянуу менен «Bloomberg» агенттиги кабарлады.
Буга чейин Баттулга парламентти экономикалык чакырыктарга каршы турууга «жөндөмсүз» деп сындаган. Президент Эл аралык валюта фондунан жардам сураганын, бирок өкмөт ага эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айткан.
«Bloomberg» билдиргендей, Монголияда Баттулганын мындай аракети 2020-жылга белгиленген парламенттик шайлоону утурлай «саясий жүрүш» катары бааланууда. Президент жетектеген Демократиялык партия парламентте көпчүлүк орунга ээ болууну көздөп жатат. Учурда ал мандаттардын 25 пайызына ээ. Калган мандаттар башкаруучу Монгол элдик партиясына таандык. Жергиликтүү эксперттер президент мындан тышкары өз администрациясы үчүн көбүрөөк ыйгарым укук алууга аракет кылып жатканын божомолдоодо.
29-октябрда президент «2016-жылдагы шайлоо алдында берген убадалар аткарылбады жана мыйзам бузган» деген негизде парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну сунуштаган.
Количество просмотров: 26