Женалы Орозбаев Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү токтомго Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин бул кызматты 24-сентябрда КР экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалган ЖКнын экс-депутаты Гүлшат Асылбаева аркалап келген.