• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Москва–Бишкек» багыты боюнча аба каттамдар жанданды

22 Жалган куран 202212:42 Бишкек Govori.TV

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва–Бишкек–Москва» багыты боюнча эртең мененки каттамы 2022-жылдын 22-мартынан тартып жандандырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек каттамын күнүнө эки жолу, эртең менен жана түштөн кийинки убакта аткармакчы.

Авиабилеттерге байланыштуу суроолор боюнча авиакомпанияга кайрылуу керек.

Ошондой эле каттамдар боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алууга болот: «Манас» — 0 312 693109 жана«Ош» — 0 3222 90101.

Количество просмотров: 129