Бүгүн ЖК жалпы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Бишкек шаарындагы тейлөө кызматында баалар өтө эле кымбат болуп кеткенин айтты.
Спикер бааларды көзөмөлгө алуу керектигин белгилеп, Бишкектеги баалар дүйнөлүк чоң шаарлардан да ашып жатканын билдирди.
“Кафе, ресторан, чач тарач, такси жана башка тейлөө кызматтарынын баары эби жок кымбаттап кеткен. Биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан, Стамбулдан, Москвадан ашат. Бизнеске тоскоолдук жок, бирок бааны реалдуулукка алып келиш керек.”, — деди ал.