• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Москвада бир нече адам тарабынан зордукталган кыргызстандык аял каза болду

2 Жалган куран 2022 15:28 Бишкек Govori.TV

Москвада бир нече адамдын зордуктоосуна кабылган 36 жаштагы кыргызстандык аял каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Волгоградский проспектисинде үйлөрдүн биринин кире беришинде болгон. Аялды алты эркек зордуктаганын коңшулар тез жардам кызматкерлерине билдиришкен. Алар аялды сабап да салышканын айтышкан.

Жабырлануучу эс-учун жоготуп, комада ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага этанол менен уулануу деген диагноз коюшкан. Кыздын мурду сынган, ал мас болгон.

Буга чейин кылмышка шектүү эки адам кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, алар кыргызстандыктар, экөө тең азыр Москвада достору менен жашашат.

Количество просмотров: 2487