• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Москвада эркек киши баласы менен аялын 16-кабаттан түртүп жиберди

25 Баш оона 202423:37 Бишкек Govori.TV

25-август күнү Москвадагы «Лефортово Парк» турак жай комплексинде эркек киши 16-кабаттын терезесинен аял менен уулун түртүп жиберген. «Meduza» бул окуя тууралуу маалымат алгач Москванын прокуратурасынын Telegram каналында пайда болгонун билдирди.

Үрөй учурган окуя Москванын Красноказарменная көчөсүндө жайгашкан «Лефортово Парк» турак жай комплексинде болгонун «Baza», «Shot» жана «Mash» Telegram каналдары кабарлашты. Болжолдуу маалыматтар боюнча, аял менен баланы терезеден сыртка түртүп жиберген адам андан кийин батирдеги буюмдарды ыргыта баштаган. Окуя болгон жерде коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү короону курчоого алган.

Батирде 1985-жылы туулган адам болгон. Ал күч органдары тарабынан кармалган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, 1988-жылы туулган аял жана анын 2023-жылы туулган кичинекей уулу каза болгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, кармалган адамдын аты-жөнү Александр Липатов. Shot Telegram каналынын айтымында, ал 2024-жылдын жаз айына чейин Россия Федерациясынын Борбордук банкында иштеген.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Александр Липатов жана анын жубайы окуя болгон учурда баңгизатын таасиринде болушу мүмкүн экенин жазып жатышат. Аялы менен уулун терезеден түртүп жиберген Липатов Склифосовский атындагы тез жардам илимий-изилдөө институтунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, эки адамдын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок, кылмыштын себептери тактала элек.

Количество просмотров: 1086