• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада кайрадан карантиндик чектөөлөр кирет

25 Аяк оона 2020 13:38 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында 28-сентябрдан тарта кээ бир карантиндик чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Москва шаарынын мэриясы коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу 65 жаштан өйдө адамдарга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга карантин киргизет. 

«65 жаштан өткөн Москванын тургундары жана өнөкөт оорулары бар жарандар өтө зарыл иш болбосо көчөгө чыкпоону  өтүнөбүз. Өзүнчө жашаган жакындарыңар, бир туугандар менен контакта болбой тургула. Таза абада сейилдөө жана көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынбайт», — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, Собянин борбор калаадагы ишканалардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерин аралыктан иштөөгө жиберүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 11670