“Крокус сити холлдогу” теракт иши боюнча дагы бир шектүү жаран Кыргызстанда туулган деген массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалымат тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстанда туулган А.К. (Алишер Касимов) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдагы Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кеткен.
«Ушуга байланыштуу, аталган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин компетенциясына кирбейт», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Орусиянын Тергөө комитети «Крокус-сити» борборундагы кол салууга байланышы бар деген сегизинчи шектүүнү камоону өтүндү. Бул тууралуу 26-мартта Москванын Басман райондук соту билдирген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 32 жаштагы Алишер Касимов кол салууга шек саналып кармалгандардын бири Шамсидин Фаридуниге батирин ижарага берген.