• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Москвада киши колдуу болгон жарандын сөөгү мекенине жиберилди

10 Үчтүн айы 2018 9:48 Бишкек Govori.TV

Москвада киши колдуу болгон эки кыргызстандыктын бири Мурат Маматалиевдин сөөгү мекенине жиберилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Мурат Маматалиевдин сөөгүн туугандары алып кетишти.

Ал эми Искендер Жолборсовдун сөөгүн Россиянын укук коргоо органдары тергөөнү аяктагандан кийин мекенине жөнөтүлөт.

Ички иштер министрлигинин  маалыматында, Искендер Жолборсов Москва облусунда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Ал учурда Кыргызстанда түрмөдө жаткан Сакал каймана аттуу Улан Токтосуновдун тобунун мүчөсү экендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, Мурат Маматалиев менен Искендер Жолборсов 29-декарь күнү жоголуп, 7-январда дарыя жээгинен канга боёлгон  сөөгү табылгандыгы интернетте тараган.

Учурда аталган окуя боюнча Москва облустук тергөө комитети «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Количество просмотров: 7