• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Москвада кран кулап түшүп, кыргыз жараны каза болду

24 Бугу 2022 13:31 Бишкек Govori.TV

Москвада кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу жараны каза болгондугуна байланыштуу элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, элчилик Россиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясына КРнын жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдоду.

Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда.

Белгилей кетсек, кырсык кечээ, 23-майда катталган.

Количество просмотров: 192