«МТВ-Россия» телеканалына тиешелүү «МУЗ ТВ» каналында алып баруучу болуп жүргөн Артур Цветков коомдук ишкер, алып баруучу Ассоль Молдокматовадан 1 миллион доллар талап кылууда.
Цветковдун айтымында, Ассоль Молдокматова кыргызстандык мигрант менен болгон чырды көтөрүп, Артур Цветковду “улутчул” деп атаган.
“Сыягы, ал бул сөздүн маанисин билбесе керек. Ошого карабастан, аял атайылап боордош кыргыз элинин бир бөлүгүн мага каршы койду, биз ошол замат чечип берген чыр-чатакты, ушул күнгө чейин өлүм тилегисиз бир дагы таңды атырган жокмун. Мен эл алдында анын кайрылуу жасашын жана моралдык чыгым үчүн 1 миллион доллар талап кылам”,- дейт Цветков
Эске салсак, 12-августта орусиялык алып баруучу Артур Цветков Москванын тез татымдарынын биринде кыргызстандык мигранты менен чырдашып, Орусиядан кубалап, өлкөдөн депортация кыларын айтып коркуткан видео тараган. Чыр мекемеде ашпозчу болуп иштеген кыргызстандыктын эпидемиологиялык шартка ылайык кардардын беткап кийишин талап кылганда чыккан.
Бул видео кыргызстандык Интернет колдонуучуларды нааразы кылып, алар Артур Цветков менен телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларынан кечирим суроону талап кылып, ар кандай пикирлерин жаза башташкан.
Кийинки күнү Цветков «Инстаграмдагы» барагына тез татымдын жетекчилиги телефон аркылуу байланышып, кечирим сураганын айтып, кыргыз мигранты ага «сиз» деп сылык кайрылбаганын, өзү окуя болгон күнү эле укук коргоо органдарын чакырып, полицияга арыз жазганын айтып, «кимге жакпаса, Мекениңер силерди күтөт» деген чакырык таштаган.
Интернет колдонуучулардын басымдуулугу аны улутчулдукка, улут аралык кастыкты козутууга байланыштуу айыпташса, постко жазылган пикирлердин арасынды Цветковдун беделине шек келтирген сөздөр дагы айтылган. Белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова дагы Артур Цветковдун кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылып, видеокайрылуу жасаган.
“Артур Цветков, биз кыргызстандыктарды таарынтканга жол бербейбиз! Сен өзүң биринчи этика менен маданиятты үйрөнүп ал! Эгерде бул жагынан көйгөйлөрүң болсо, биз сага үйрөтүп коебуз! Сен өзүңө антипиар кылып алдың, эми сен кечирим сурамайынча бул эпопея токтобойт. Ошондуктан өз убагында чечкиндүүлүк кыл да, Кыргызстандын элинен кечирим сура!”, – деп билдирген Молдокматова.