• Ишенби 19 Аяк оона 2020

Орусиялык алып баруучу Ассоль Молдокматованы сотко берди

16 сентября 2020 в 13:29 Бишкек Govori.TV

МТВ-Россия» телеканалына тиешелүү «МУЗ ТВ» каналында алып баруучу болуп жүргөн Артур Цветков коомдук ишкер, алып баруучу Ассоль Молдокматовага каршы доо арыз менен Москва шаарындагы соттордун бирине кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

“Бир ай мурун Кыргызстандын жараны экөөбүздүн ортобузда болгон кырдаалга дагы бир жолу кайтып келгим келет. Азыр ортобуздагы чыр-чатак жөнгө салынды, кол алыштык. Бирок, тынчтык жолу менен чечилгени айрымдарына туура келген эмес окшойт, тактап айтканда, коомдук ишмер Ассоль жаңжалга башкача өнүгүү берүүнү чечти. Кырдаалды мындан ары козутпоо үчүн, биз москвалык юристтер тобу менен биргеликте шаардык соттордун бирине доо арыз бердик”, – деп жазган Цветков.

View this post on Instagram

Уважаемые друзья, ещё раз хочу вернуться к ситуации, которая произошла месяц назад между мной и гражданином Киргизии. На данный момент, конфликт между нами исчерпан, мы пожали друг другу руки. Однако мирное решение устроило далеко не всех, а именно общественную деятельницу Ассоль, которая решила дать конфликту иное развитие. Чтобы предотвратить дальнейшее разжигание ситуации, мы, вместе с командой адвокатов Москвы @advokat_elmurzaev подали исковое заявление в один из судов Москвы. Детально запросить все данные по зарегистрированному иску можно у моих представителей Мы надеемся найти решение конфликта в правовом поле. #нетпреследованию #vjarchi #новостидня выражаю огромную благодарность команде @guar888 частной охранной организации ООО ЧОО Гуар которые всегда рядом P.s. Убедительная просьба не вестись на провокации и оскорбления комнатных орлов и не уподобляться их манере поведения! Пресс конференция назначена в #Мосгорсуде на понедельник 21.09.2020 при участии депутатов Государственной Думы РФ и заслуженных деятелей искусств РФ

A post shared by Vj Archiе | Артур Цветков (@vjarchi) on

Эске салсак, 12-августта орусиялык алып баруучу Артур Цветков Москванын тез татымдарынын биринде кыргызстандык мигранты менен чырдашып, Орусиядан кубалап, өлкөдөн депортация кыларын айтып коркуткан видео тараган. Чыр мекемеде ашпозчу болуп иштеген кыргызстандыктын эпидемиологиялык шартка ылайык кардардын беткап кийишин талап кылганда чыккан.
Бул видео кыргызстандык Интернет колдонуучуларды нааразы кылып, алар Артур Цветков менен телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларынан кечирим суроону талап кылып, ар кандай пикирлерин жаза башташкан.

Кийинки күнү Цветков «Инстаграмдагы» барагына тез татымдын жетекчилиги телефон аркылуу байланышып, кечирим сураганын айтып, кыргыз мигранты ага «сиз» деп сылык кайрылбаганын, өзү окуя болгон күнү эле укук коргоо органдарын чакырып, полицияга арыз жазганын айтып, «кимге жакпаса, Мекениңер силерди күтөт» деген чакырык таштаган.

Интернет колдонуучулардын басымдуулугу аны улутчулдукка, улут аралык кастыкты козутууга байланыштуу айыпташса, постко жазылган пикирлердин арасынды Цветковдун беделине шек келтирген сөздөр дагы айтылган. Белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова дагы Артур Цветковдун кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылып, видеокайрылуу жасаган.

“Артур Цветков, биз кыргызстандыктарды таарынтканга жол бербейбиз! Сен өзүң биринчи этика менен маданиятты үйрөнүп ал! Эгерде бул жагынан көйгөйлөрүң болсо, биз сага үйрөтүп коебуз! Сен өзүңө антипиар кылып алдың, эми сен кечирим сурамайынча бул эпопея токтобойт. Ошондуктан өз убагында чечкиндүүлүк кыл да, Кыргызстандын элинен кечирим сура!”, – деп билдирген Молдокматова.

Количество просмотров: 120