Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.
Москвада Солнцевская метросунда үч поезд жүргүнчүсү менен тоннелде токтоп калды. Миңге чукул адам дээрлик эки, айрымдары үч сааттай жер астында калды. Поезддин токтоп калганына рельстеги техникалык мүчүлүштүк себеп болгон. Бардык жүргүнчүлөр тоннелден станцияга чыгарылды.
Солнцевская метросунун линиясы жарым-жартылай токтоду. Эч ким медициналык жардам сурап кайрылбаганын Москва метросунун «Твиттердеги» баракчасына жазылды.