• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Москвада өрттөн мигранттар каза тапты

29 Теке 2022 12:47 Бишкек Govori.TV

28-июлдан жыйырма тогузуна оогон түнү Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн 8 адам каза тапты. ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, саат 23:47де түшкөн маалыматка ылайык жатакананын биринчи кабатындагы бөлмөдөн чыккан өрттөн 100 чарчы метрдей аянт жабыркаган.

Маалыматтар боюнча каза тапкандардын баары мигранттар, азыр алардын жарандыгы аныкталууда. Бир адам өрттөн куткарылып, дагы эки жүздөй адам имараттан тышка чыгарылган.

Өрт 00:47де өчүрүлгөн. Каза тапкандардын баары бир бөлмөдө жаткан жана алар өрттүн исине ууккан. Болжол менен алар кырсык маалында уйкуда болушкан. Жалын электр кубатынан чыгышы ыктымал, ал эми терезелерге коюлган темир торлор жана өрт тууралуу кеч жеткен маалымат көп кишинин каза болуусуна себеп болгон.

Кырсык боюнча Орусиянын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду. Алгачкы текшерүүлөр хостел өрттөн сактануу эрежелерин сактабай келгени аныкталды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 148