• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Москвада өткөн ЖККУ саммитинде бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду

16 Бугу 2022 20:21 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында бүгүн, 16-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бир катар биргелешкен документтерге кол коюшту. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кол коюлган :

ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин (ЖКК) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү;

“ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими.

Чечимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын башында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында абалды турукташтыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бир катар офицерлери жана аскер кызматкерлери сыйлыктар менен сыйланышты.

ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына кырдаалды турукташтырууда жана аны укуктук талаага кайтарууда көмөк көрсөтүү болгон.

Количество просмотров: 146