• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвадагы кырсык: Бекжан Сарбишев 15 жылга камалышы мүмкүн (видео)

11 Аяк оона 2018 12:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV
Бекжан Сарбишев сурактын биринчи мүнөттөрүндө эле кылмышты атайлап жасаганын айтып берди. Ал адамдарды көрүп туруп атайлап автосу менен сүзгөнүн мойнуна алды. Бул туурасында орусиянын “НТВ телеканалы” көрсөттү.
Анын айтымында ошол кечте балдар тобу менен келип, чыр чыгарышкан. Ачуусу келгенине чыдабай ушундай кадамга барган.
Видеодон көрүнүп тургандай 15 тен ашуун бала Сарбишевди көптөп жатканы байкалат. Күбөлөрдүн айтымында жалгыз бала баарына туруштук бере албастан, машинага кандай отурганын көрүшкөн.
Жабыркагандарга көчөдөгү күбөлөр өз алдынча жардам бергенге аракет кылып жатышты.
Жапа чеккендердин баардыгы Кыргызстандыктар болгону айтылат. Алар ооруканага жаткырылып, анын ичинен бирөөсү каза болгону айтылат.
Нургүль Арстанова дагы бул окуяга күбөө. Ал бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин жана башкалар менен эс алып жүрүп ушул кырсыкка кабылып, буту сынгандыгын айтып берди.
Күбөлөрдүн тергөөчүлөргө берген маалыматына ылайык, чыр, карындашына болушуп отуруп чыккан. Алардын айтымында шектүү Сарбишев болгон окуядан эч жака кетпестен, полиция кызматкерлерин күтүп турган. Ал эми экспертиза шектүүнүн ичимдик ичпегенин аныктады.
Бул кылмышты атайлап жасагандыгы үчүн ага “адам өлтүрүү” жана “адам өмүрүнө кол салуу” беренелери менен дароо эки айып тагылды.
Орусиянын мыйзамдары боюнча кыргызстандык айдоочу бул айыбы үчүн 15 жылга кесилиши мүмкүн.

Количество просмотров: 21