Кыргызстандын эки облусуна “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын берүү үчүн Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк боюнча комиссия келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырып, облустарга баа берет.
Ысык-Көл облусу «Боз үй шаары» жана Нарын облусу «Кийизден жасалган шаар» наамына көрсөтүлүп жатат,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Маданият министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кол өнөрчулөрдүн шаарын түзүү боюнча демилгечи топтун жумушчу жыйыны болуп өткөн.