Элчи Кылычбек Султан жарыялаган маалыматтары үчүн кызматынан алынуусу мүмкүн
Элчи Кылычбек Султан жарыялаган маалыматтары үчүн кызматынан алынуусу мүмкүн
25 Аяк оона 2018 11:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
Кылычбек Султан атап өткөн маалыматтарды айткандыгы үчүн кызматынан алунуусу мүмкүн. Тышкы иштер министрлигинде элчинин кызматында калуусу каралып жаткандыгын билдирди.
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов Малайзияда болгон коррупциялык иштер боюнча айтты. Бул туурасында 24-сентябрда ЖМК өкүлдөрү менен өткөн маалымат жыйында билдирди.
“Өлкө башчысына өзүм айтайын дегенмин, бирок Президенттин аппаратынан эч кандай мүмкүнчүлүк бербей койгонуна байланыштуу ЖМК аркылуу кайрылууга аргасыз болуп турам”,- деди элчи.
Анын айтымында Малайзия өлкөсүндө элчи болуп турган кезде бир катар коррупциялык иштерге күбө болуп, алардын изин ачуу максатында тиешелүү чараларды колдонгон.
Бирок, кийин Кореяга элчи болуп кеткенден тарта, күнөөлүүлөр дагы деле кызматта жүргөнүнө түйшөлүп турат.
Мындан сырткары элчи, бул маалыматты жарыялап жатып, тобокелге барганын кошумчалап өттү. Анткени алдыда кызматынан алынуу коркунучу бар экенин айткан.
Бүгүн болсо Тышкы иштер министрлигинде элчинин кызматында калуусу каралып жаткандыгын билдирди.
Депутат Адахан Мадумаров Конституциялык соттун Башмыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мазмуну, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка …