• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Москвадагы теракт. Кулубаев Лавров менен сүйлөштү

25 Жалган куран 2024 16:07 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кесиптеши, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Крокус Сити Холлдогу терактын кесепетинен курман болгондорго көңүл айтты.

 КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы бул окуяны кескин айыптап, эл аралык терроризмге каршы күрөштө кыргыз тарап колдоорун билдирди жана бул багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарап бул трагедиянын кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жеткирүү өтүнүчүн билдирди.  

Трагедияда жапа чеккендердин бардыгын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарапка трагедиядан кийин дароо эле эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөндүгү жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар байланыштарды үзгүлтүксүз улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашышты.

Количество просмотров: 105