• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Москвадан Ошко учкан учак мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкекке конгон

4 Баш оона 202213:46 Бишкек Govori.TV

Москвадан Ошко учкан учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкекке конгон. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учак Урал аба жолдоруна таандык экени такталган. Кандай техникалык мүчүлүштүктөр бар, тактала элек. Жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылат. Учак түштүк борборго качан учаары азырынча белгисиз.

Россия Федерациясынын бир катар шаарларынан Бишкекке жана Ошко кун сайын ар турдуу авиакомпаниялар — кыргыз жана орус авиакомпаниялары учуп турат.

Количество просмотров: 273